БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +5...+10, Талас жергесинде +4...+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +6...+11, Ысык-Көл чөлкөмүндө -1...+4, ал эми Нарын аймагында -4...-9 градус суук болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +7...+9 жана Ош шаарында +9...+11 градуска жетет.