Болгон күчүмдү жумшайм. Гордеевдин Олимпиаданын ачылышындагы видео кайрылуусу

Спортчу мелдешке даярданууга жардам бергендердин баарына ыраазычылыгын билдирип кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Тоо лыжачы Максим Гордеев Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинен кийин кыргызстандыктарга видео аркылуу кайрылуу жөнөттү.
Анын видео кайрылуусун Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети жарыялаган.
"Мен өзүмдүн желегимди көтөрүп чыкканым үчүн абдан кубанычтамын. Ар бир кыргызстандыктын колдоосун сезип жатам. Болгон күчүмдү жумшоого аракет кылам. Алга, Кыргызстан!" — деген ал.
Спортчу мелдешке даярданууга жардам бергендердин баарына ыраазычылыгын билдирип кеткен.
Бүгүн Кытайдын борбор калаасында Олимпиаданын расмий ачылыш аземи өтүп, анда Гордеев өлкө желегин көтөрүп чыкты. Ал Кыргызстандын атынан барган жалгыз спортчу 16-февралда таймашка чыгат.
Жүрөктү туйлатат: Олимп оюндарынын ар кыл жылдардагы ачылыш аземи видеодо