Эркектер менен аялдар 23-февраль жана 8-мартта эмне алгысы келет. Сурамжылоо

Сурамжылоо боюнча бул популярдуу майрамдарда белек берүүнү аялдар дагы (81 пайыз), эркектер дагы (75 пайыз) каалашат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Эркектер менен аялдар 23-февралда жана 8-мартта кандай белектерди күтөрү белгилүү болду. "СберМегаМаркет" маркетплейсинин аналитиктеринин изилдөөсүн "Известия" жазды.
Сурамжылоого ылайык, бул популярдуу майрамдарда белек берүүнү аялдар дагы (81 пайыз), эркектер дагы (75 пайыз) каалашат.
Эркектердин көбү 23-февралда гаджет (53 пайыз), ноутбук жана компьютер (47 пайыз), спортко, эс алууга жана хоббиге арналган товарларды (37 пайыз), ошондой эле кийим-кече (35 пайыз) алгысы келген.
Ал эми аялдар салтка айлангандай зер буюмдарын жана кооздуктарды (55 пайыз), белек сертификаттарын (53 пайыз), кам көрүүчү товарларды (50 пайыз) жана электроника буюмдарын (50 пайыз) белекке алууну каалай турганын айткан.
Адис жубайлардын ортосундагы сүйүүнү жок кылчу 5 учурду санап берди