БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстандыктар Чолпон-Атага жааган кардын сүрөт, видеолорун соцтармактарга жарыялап жатышат.
Негизи бул аймак үчүн калың кар чанда кездешкен көрүнүш. Шаар менен анын чет жакасында дээрлик кар жатпайт.
Кар 4-февраль түнү жаап, күндүз токтогон.
Аба ырайынын божомолуна караганда, 5-февралга караган түнү дагы кар жаайт.