Балетмейстер 1949-жылы 4-февралда Кочкордун Чолпон айылында төрөлгөн. 17 жашында эмгек жолун баштаган улуу талант 30дан ашык дүйнөлүк классикалык спектаклде бийлеген. Чолпонбек Базарбаевди союздук республикалардан сырткары Европа, Африка жана Араб өлкөлөрү да жакшы тааныган. Атагы алыска кеткен талант 33 жашында биринчилерден болуп СССРдин эл артисти наамын алган.
Чолпонбек Базарбаев 2002-жылы жол кырсыгынан 53 жаш курагында көз жумган. Азыр анын ысымын Бишкек хореографиялык училищеси алып жүрөт.
Залкар талант жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.