Бала кайсы куракта кризистик мезгилге жетет? Ата-энеге кулак кагыш

Психолог баланын өткөөл курагында ата-эне тарабынан аларга колдоо гана көрсөтүү керектигин баса белгилейт.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. "Бакыт ордосу" борборунун педагог-психологу Айнек Муратбекова бала кайсы куракта кризистик мезгилге жетерин айтып, бул учурда ата-эне аларга кандай колдоо көрсөтүшү керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде түшүндүрүп берди.
Психолог баланын өткөөл курагында аларга колдоо гана көрсөтүү керектигин белгилеген.
"Негизинен курактык психологияда бала жашына жараша калыптанып, жаңы нерселерди үйрөнөт. Үч, жети, 14 жаш кризистик мезгилге кирет. Жакындык, сүйүү, эмоционалдык берилүү ушул үч куракта тең маанилүү. Мисалы, үч жашына чейин мээрим эле төгүү керек. Бул куракта баланын эгосу калыптанып, "дүйнөнүн борборунда мен эле бармын, үйдө мен болгон үчүн апам бар" деген сыяктуу ойлонот. Анткени анын нейрондору, нерв системасы ордуна келе элек болот. Бул убакта баланы сындап, жаңы үйрөнгөн нерсеси үчүн шылдыңдабай, мээрим гана төгүш керек", — деген адис.
Психолог баланы бир нерседен тыйганда сөзсүз анын себебин түшүндүрүү керектигин белгилеген. Ошондой эле адис бала тарбиялоодо ата-эне бири-бирин колдоп турушу зарылдыгын айтып, бул учурда тарбияга доо кетпесин кошумчалаган. Анын айтымында, бала апасынын сөзүн угуп, үлгү алышы мүмкүн, бирок көбүрөөк таасирди атасынан алат.
Муратбекованын маегин Sputnik Кыргызстан агенттигинен толук окуй аласыздар.
Радио
Сайдилканов: улуттук тарбияны мектеп программасына сиңирүү зарыл