Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Алматыдагы январь окуяларында ири дүкөндөр кантип тонолгон. Видео

ЖМКнын маалыматына караганда, көпчүлүк уурулар мас болгон жана алар азык-түлүктү чыгарып кетпестен ошол жерден эле ичип-жешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Magnum компаниясынын өкүлү Дмитрий Шишкин Алматыдагы январь окуяларында тармактык дүкөндөр тарткан чыгым боюнча айтып берди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Шишкин уурулар тармактык 15 дүкөндү толугу менен (текчелерде эч нерсе калган эмес) дагы 11ин жарым-жартылай тоноп кетишкенин билдирди. Анын айтымында, үч дүкөндү тоногондон тышкары талкалап дагы салышкан. Чыгымдын суммасы 11 миллиард теңгени түздү (25,3 миллион доллар). Тармактык дүкөндүн күзөт кызматы бардык камераларга тартылган видеону укук коргоочуларга өткөрүп берген.
Уурулардын көбү мас болгондуктан азык-түлүктү алып кетпестен, ошол эле жерден ичип-жешкени айтылды. Алматынын Полиция департаменти манжа издери менен кошо башка дагы далилдерди топтошкон.

"Кээ бир шектүүлөр чыгымдын ордун толтурууда. Бул нерсе сотто эске алынарын ойлоп жатышат", — деди Шишкин.

Талап-тоногондордун көпчүлүгү кармалганы айтылды.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстандагы от күйгөн күндөр: Назарбаев, ЖККУ, атылбаган ок. Токаевдин маеги