Алымкадыр Бейшеналиев: мен министр бойдон калдым

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн кабарлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Сабырбек Жумабеков экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестик жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатып айтты.
"Кечээ Жумабеков менин саат сегизде ал иштеген ооруканага барып, мас болуп алып сүйлөгөнүмдү айтты. Мен эгер мас болуп барганымды далилдей алсаңар, отставкага кетем дедим, бирок эч ким далилин айткан жок. Андыктан мен министр бойдон калдым", — деди министр.
Ошондой эле ал ичимдик ичпей турганын билдирди.
"Мен ичпейм. Айрым учурда гана корпоративде жамаатка колдоо болсун деп жардамчыма стаканга суу куйдуруп алам. Ошентип ичимиш болуп отура берем", — деди ал.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн кабарлаган. Бейшеналиев медициналык борбордо болуп, ак халатчандар менен жолугуп сүйлөшкөн. Андан сырткары, министрлик аны өзгөртүү боюнча тиешелүү процедураларды жасап жатканын айткан.
Көп өтпөй аталган борбордун жетекчиси, профессор Сабырбек Жумабеков мындай өзгөртүүнүн зыяндан башка пайдасы жок экенин билдирген. Дарыгер "бул жай оорукана гана эмес, илимий борбор болгондуктан чет өлкөлүк өнөктөштөр ошол даражасына карап бизди тааныйт, сыйлайт жана эсептешет" деген пикирин айткан.
Сабыр Жумабеков: күрөшөм, бирок президент "кет" десе чет өлкөгө чыгып кетем