Радио

Теолог: үй-бүлөнү пландоо динге каршы келбейт

Теолог Элмурат Кочкор уулу үй-бүлөнү пландоо диний принциптерге каршы келбестигин айтты.
Sputnik
Адам өзү ой жүгүртүп, акыл калчап чечкен маселе шариятка да ылайыктуу келет. Бул жерде кеп башкаларга зыян алып келбей турган, акыл-парасаты менен кабыл алынган чечимдер тууралуу болууда. Мындай пикирин Элмурат Кочкор уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, үйлөнгөн соң жубайлар үй-бүлөлүк жоопкерчиликке, бири-бирине, өзгөргөн статустарына толук көнүп алып, анан балалуу болгону жакшы.
"Кудай жаратылгандардын ичинен адамга акыл берип, башка жандыктардан өзгөчөлөгөн. Демек, жараткан акыл-эсти өзү тартуулап жаткан соң адам тигил же бул маселени чечүүдө ой жүгүртүп, анализ жасоого тийиш. Андыктан үй-бүлөнү пландоо учурда замандын талабы, бул динге эч кандай каршы келбейт. Балалуу болууда деле ушул маселе. Эч ким ажырашып кетейин деп үй-бүлө курбайт. Бирок эгер жашоодо ажырашууга туура келип калса, курулган союз бузула турган болсо, эки тарап тең болушунча минималдуу зыян тартышы керек. Ал үчүн үйлөнгөн соң жубайлар үй-бүлөлүк жоопкерчиликке, бири-бирине, өзгөргөн статустарына толук көнүп алып, анан балалуу болгону жакшы. Ошону менен катар эле баланын санын да пландоо шариятка каршы келбейт. Ислам дининде эң чоң күнөөлөрдүн бири бирөөнүн акысын жеп коюу болуп эсептелет. Андыктан көп балалуу болуп, аларды сапаттуу жашоо менен камсыздай албай калуу да алардын акысына киргендик болуп эсептелет. Кара жумушка гана жараган адамды өстүрүп чыгарганга ашыкпашыбыз керек. Бул жерде "Мухаммед пайгамбар көбөйгүлө, акыретте үммөттөрүмдүн көп болушу менен сыймыктанам" деп айткан деген хадисти мисал келтиришет. Биринчиден, бул хадис так ушундай мааниде айтылдыбы, пайгамбар аны айтып жаткандагы учур кандай эле, негизи эле айтылганы аныкпы деген суроолор жаралат. Бул хадис тууралуу "Куранда" эч нерсе айтылган эмес. Акылга салып караганда деле Мухаммед пайгамбар билимсиз, кара жумушту гана аткара алган сапатсыз мусулмандардын көптүгү менен сыймыктана албаса керек эле", — деди Кочкор уулу.
Теолог айтылып жаткан пикирлер жеке анын көз карашы экендигин кошумчалады.
Элмурат Кочкор уулу Анкара университетинин теология факультетинин Дин философиясы жаатында магирстратурасынын бүтүрүүчүсү, учурда Эржиес университетинин докторанты.