БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Россияда коронавирустун "омикрон" штаммынын ВА.2 түрүн жуктургандар катталды. Бул тууралуу Роспотребнадзор мекемесинин башчысы Анна Попова COVID-19 менен күрөшүү боюнча координациялык кеңештин жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.
Вирустун жаңы түрү Москвада, Марий Эл Республикасында, Ростов облусунда жана Башкыртстанда катталган.
Попованын айтымында, бир нече өлкөдө "омикрондун" бул түрү тездик менен таралып жатканы маалымдалууда.
"Омикрон" штаммы эки ай мурда Ботсвана менен Түштүк Африка Республикасынан табылган. Окумуштуулардын айтымында, анын S-белогунда ондогон мутация бар. Адистердин божомолу боюнча, штамм иммунитети начар адамдын организминде (ВИЧ менен ооруган) өнүккөн.
Дарыгерлер "омикрон" штаммын жуктургандар көбүнчө сасык тумоого кабылгандай ооруй турганын айтып, тамак, баш ооруп, мурун бүтөрүн белгилешкен.
Учурда бул вирус дүйнөнүн 100дөн ашык мамлекетине жайылып кетти. Кыргызстанда аны 12-январь күнү аныкташкан.