Министрлик: Кыргызстанда COVID-19дун төртүнчү толкуну бүттү

Бүгүн Кыргызстанга келген жарандардан ПЦР-тест талап кылуу нормасын жоюп салуу маселеси да талкууланды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргызстанда COVID-19дун төртүнчү толкуну бүттү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов билдирди.
Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, Эдил Байсалов коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.
Бектургановдун айтымында, коронавирус жуктургандар менен ооруканага жаткырылгандардын санын карап төртүнчү толкундун бүткөнү боюнча тыянак чыгарууга болот.
Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары Кыргызстанга келген жарандардан ПЦР-тест талап кылуу нормасын жоюп салуу маселесин дагы талкуулашкан. Натыйжада эл аралык практика жана медициналык-санитардык эрежелерди эске алуу менен бул маселени тереңирээк изилдеп чыгуу чечими кабыл алынды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жакынкы жумаларда республикада карантиндик режим жеңилдей турганын белгилеген.
Өтө бат жугат. Россияда "омикрондун" ВА.2 түрү табылды