Пресс-борбор

Коомдук тамактануу жайлары салыкты азайтууну өтүнүп жатат

Январь айынан тарта Кыргызстанда жаңы Салык кодекси кабыл алынган. Ага ылайык, коомдук тамактануу жайлары бирдиктүү салык катары сегиз пайыз төлөшү керек.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Коомдук тамактануу жайларын иштеткен бизнесмендер өз тармагына бирдиктүү салыктын ставкасын төмөндөтүүнү суранып жатат. Бул туралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин директору Аскар Сыдыков Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифинг учурунда айтты.
Эл аралык ишкерлер кеңешинин директору Аскар Сыдыков
Иш-чара "Жаңы салыктардан улам тамактануу жайлары жабылып же баа көтөрүлүшү мүмкүн" деп аталды.
Эскерте кетсек, январь айынан тарта Кыргызстанда жаңы Салык кодекси кабыл алынган. Ага ылайык, коомдук тамактануу жайлары бирдиктүү салык катары 8 пайыз төлөшү керек. Ушул эле учурда өндүрүш, соода жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү тармактарына ставка катары 2/4 пайыз көрсөтүлгөн (2 накталай эмес жана 4 накталай акча менен).
"Ставканы эки пайызга түшүрүүнү сунуштап жатабыз. Альтернатива катары 2/4 пайыздык ставканы карап көрүүнү сурануудабыз", — деди Сыдыков.
Анын айтымында, көптөгөн ишканалар пандемиянын кесепетинен дагы деле толук кандуу бутуна тура элек. Эми гана акырындан калыбына келе баштады.
"Калктын сатып алуу жөндөмү менен кирешеси көтөрүлө элек. Негизинен киреше 15 пайызды түзүп жатат. Ставканы 8 пайыз деп эсептегенде, кирешенин жарымынан көбү салыкка кетип калат", — деди Сыдыков.
Анын айтымында, бизнес көмүскөгө өтүп кетип, фискалдык жана текшерүүчү органдардын сол чөнтөгүнө акча салып турушу мүмкүн.
Коомдук талкууга бул тармак үчүн салык ставкасын алты пайызга түшүрүп берүү боюнча документ долбоору чыгарылды. Бирок ишкерлер муну дагы жетишсиз деп эсептөөдө.
Радио
Надырбеков: Салык кодексинде тигүүчүлөргө жеңилдиктер каралган