COVID жукпагандар. Адис эмне себептен айрым кишилер оорубасын айтты

Терапевттин айтымында, кээ бир адамдардын инфекциялык ооруларга каршы өзгөчө коргонуусу болот. Анткен менен ага толук 100 пайыз ишенип алуу туура эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Айрым адамдарга үйүндөгүлөр коронавирус болуп жатса дагы бул илдет жукпайт. Аларды организминде жогорку деңгээлдеги интерферон жана дем алуу органдарынын башкалардыкынан көбүрөөк болгон былжыры сактап турат. Бул тууралуу Ura.ru порталына терапевт Андрей Звонков айтып берди.
"Айрым адамдардын канында инфекциялык илдеттерден коргогон интерферон заты көбүрөөк болот. Ошондой эле мурун көңдөйүндө вирустан коргоочу былжыр жетиштүү болсо, инфекция андан ары өтө албай калат", — деди дарыгер.
Аткен менен Звонарев коронавирусту жеңил кабыл алып, "мага жукпайт" деп бекем ишенип алуу болбосун айтты. Адистин пикиринде, күчтүү вирус кандай гана коргонуу болбосун, аны талкалап кетиши мүмкүн.
Терапевттин айтымында, ушул тапта кеңири тарап кеткен "омикрон" штаммынын белгилери кадимки грипптикинен анча айырмалана бербейт. Мисалы, сөөктөр какшайт, мурун бүтүп, тамак ооруйт. Айрым учурда жүрөк айланышы ыктымал. Андыктан коронавирусту кадимки сасык тумоо менен алмаштырып албай ден соолукка олуттуу мамиле кылуу сунушталат.
Гриппке окшош. "Омикрон" бейтаптарды кандай өзгөрткөнү айтылды