Коронавирустан кийин жыт сезүүнү калыбына келтирүүнүн жолу аталды

COVID инфекциясынан кийин жыт алуу эмне себептен жоголгонун билүү үчүн толук текшерүүдөн өтүү керектиги айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Лазер коронавирустан кийин жыт сезүүнү калыбына келтирүүгө жардам берет. Бул тууралуу "Известия" Техас университетинин (АКШ) окумуштууларына шилтеме берип жазды.
Адистердин айтымында, COVID-19дан кийинки аносмия (жыт билүүнүн жоголушу) мурундун чел кабыгы жабыркагандан пайда болот.
Окумуштуулар ооруган чычкандарга печеньени жыттатып көрүшкөн. Натыйжада алардын мурдунун чел кабыгы, башкача айтканда, эпителийи канчалык калың болсо, жытты ошончолук бат табары аныкталган. Окумуштуулар эпителийдин калыңдыгы жыт сезүүнүн кайтышы менен байланыштуу болушу ыктымал деген жыйынтыкка келишкен.
Алар фотобиомодуляциялык терапия (лазер, жарык диодун жана кең тилкелүү жарыкты колдонууну камтыган жарык терапиясы) ткандарды айыктырып, жыт сезүүнү калыбына келтире аларын айтышкан.
Коронавирустан кийин жыттын жоголушунун себебин туура аныктоо үчүн толук диагностикалык текшерүүдөн өтүү керектиги кошумчаланды. Анын ичинде мээни магниттик-резонанстык томографиядан өткөрүү зарыл.
Гриппке окшош. "Омикрон" бейтаптарды кандай өзгөрткөнү айтылды