Бишкекте бүгүндөн тарта 4 мектеп, үч бала бакча карантинге жабылды

Ал арада буга чейин убактылуу жабылган 19 мектеп кадимки тартипте окуй баштаганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Ордо калаада коронавирустан улам төрт мектеп жана үч бала бакча убактылуу карантинге жабылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
"Ленин районундагы №9 жана 13 мектептер онлайн-окууну улантууда. Октябрь районундагы №14 мектеп, Свердлов районундагы №1 мектеп дагы аралыктан билим алып жатышат. №104, 148, 61 бала бакчалар карантинге жабылды", — деп айтылат билдирмеде.
Ал арада буга чейин убактылуу жабылган 19 мектеп кадимки тартипте окуй баштаганы айтылды.
Офлайнга өткөн окуу жайлар:
Октябрь району: №17, 26, 62, 88 мектептер;
Биринчи май району №6, 18, 28, 70, 61, 48 мектептер:
Свердлов району №4, 11, 12, 30, 32, 38, 67, 52, 33 мектептер.
Байсалов: эми ПЦР-тест алуу токтотулат, COVID аныкталган мектептер жабылбайт