Кар жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы

Жума этегинде күн жылуу болору божомолдонууда. Айрым гана аймактарга түнкүсүн кар жаашы ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев.— Sputnik. Кыргызгидромет аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Апта аягында көпчүлүк жерлерде жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 5...7 градуска чейин жылуу болору айтылды. Бишкекте дагы күн ачык болот.

Чүй, Талас облустары

Бул эки облуста тең дем алыш күндөрү жаан, кар жаабайт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши ыктымал. Чүйдө абанын температурасы 5...10 градус жылуу болсо, Таласта 9 градуска чейин жылыйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Ош облусунда 5-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 6-февраль түнү тоолуу аймактарга кар жаашы ыктымал. Жекшембиде өрөөндөрдө абанын температурасы 8...10 градус болору божомолдонду. Жалал-Абад менен Баткенде кар жаабайт. Абанын температурасы бул аймактарда да 10 градуска чейин жылыйт.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Ысык-Көлдө 5-февралга караган түнү жаан, кар жаашы ыктымал. 5-февраль күндүз күн ачылып, абанын температурасы 2...7 градусту көрсөтөт. Ал эми Нарында жаан, кар жаабай турганы айтылды. Абанын температурасы -3…-5 градус суук болору божомолдонду. Ашууларда жолдор тоңголок, тайгак болот.
Февралда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин маалыматы