БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Балыкчыда аял чала тааныш адамдарга 6 миллион сомун берип, кийин кайтарып ала албай калган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБ билдирди.
2020-жылдын сентябрь айында милицияга жергиликтүү тургун кайрылган. Ал эл финансылык пирамиданын аракеттерине ызаланып, каршы пикирлерин айтып жаткан кезде анын жумушуна чала тааныш эки киши келгенин билдирген.
"Алар эгер милиция акчаны конфискация кылса, анда финансылык уюм кардарларына акчаны кайтара албай кала турганын айтышкан. Буга байланыштуу аял кассадан 6 миллион 4 миң 400 сомду чыгарып берген. Кийин кайтарып ала албай калган", — дешти милициядан.
Алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
Кечээ жакында 27 жаштагы жергиликтүү тургун шектүү катары кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.
Материалдар прокуратурага өткөрүп берилди.