Бишкекте аялга кол салып, муунткан кишинин видеосу. Шектүү изделүүдө

Милиция аталган фактыны каттоого алган. Шектүү изделип жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Интернетте эркек кишинин аялга кол салган учурунун видеосу пайда болду.
Анда окуя Бишкектин 5-кичи районунда болгону жазылган.
Кадрдан көрүнүп тургандай, белгисиз адам көп кабаттуу үйдүн подъездинин алдында турган аялдын жанына басып келген. Аял менен кыска сүйлөшүп, андан соң аны муунта баштаган.
Октябрь райондук ИИБдин маалымат кызматы билдиргендей, аталган факт каттоого алынды. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Шектүү издөөдө.
Бишкекте көчөдө аялын сабап, тепкилеген киши жети суткага камалды