Өлкөнүн башкы банкы 1-февралдан тарта салмагы 10,9 килограммдан 13,4 килограммга чейинки алтын куймаларды сата баштаганын маалымдаган. Куйманын салмагынын 99,95 пайызын химиялык таза металл түзөт. Аларды "Кыргыз алтын" ишканасы жасоодо. Sputnik Кыргызстан агенттиги буга байланыштуу бир нече кызыккан суроосуна жооп алды.
Мындай чоң куймаларды жасап сатууга эмне түрткү болду?
Алтындан жасалган аффинаждалган куймаларды реализациялоонун башкы максаты — баалуу металлдар менен операцияларды кеңейтүү. Бул Кыргызстанда баалуу металлдар рыногун өнүктүрүүгө багытталган.
Мындай куймалар кайсы кен казган жайдын алтынынан жасалууда? Кумтөрбү же башкабы?
Мындай аффинаждалган алтын куймаларды "Кыргыз алтын" ишканасы жасоодо. Куймалар өлкөдө өндүрүлгөн алтындан даярдалган.
Куймалардын салмагы 10,9 килограммдан 13,5 килограммга чейин экен. Салмак буйрутмага жараша болобу?
Эл аралык стандартка ылайык, куйманын массасы 10,9 килограммдан 13,4 килограммга чейин болушу керек. Ошол эле учурда салмагынын 99,95 пайызын химиялык таза металл түзүшү шарт. Жасалып жаткан ар бир куйманын салмагы ар кандай. Башкысы, 10,9 килограммдан 13,4 килограммга чейин болушу кажет.
Аларды кыргызстандыктар же Кыргызстанда катталган компаниялар эле ала алабы?
Алтындан жасалган аффинаждалган куймаларды сатууда кандайдыр бир чектөөлөр жок. Алтын иштеткендер, өндүрүүчү ишканалардан башка Кыргызстандагы резиденттер, резидент эместердин баары сатып ала алат.
1 граммдан 100 граммга чейинки салмактагы куймаларды кайра сатып алуу шарты сакталабы?
Улуттук банк 1, 2, 5, 10 граммдан баштап 31,1 жана 100 граммдык аффинаждалган куймаларды кайра сатып алуу ишин жүргүзүп жатат.
Улуттук банк канча көлөмдө алтын сатууга даяр? Ал алтын валюта резервинен эмеспи?
Улуттук банк алтын валюта резервине тиешелүү эмес алтынды иштетүүдө. Куймаларды реализациялоонун башкы максаты — баалуу металлдар менен операцияларды кеңейтүү. Бул Кыргызстандын баалуу металлдар рыногун өнүктүрүүгө багытталган. Бул үчүн Улуттук банкта алтын куймасы жетиштүү көлөмдө.