Президент Замирбек Базарбековду Жогорку соттун төрагасы кылып дайындады

Базарбеков мурда президент Садыр Жапаровдун адвокаты болгон. Анын талапкерлигин бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары колдоп берген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон. Базарбеков бул кызматта беш жыл иштемекчи.
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку соттун төрагалыгына Замирбек Базарбековдун талапкерлигин колдоп беришкен. Аны кызматка дайындоого жыйынга катышкан 84 депутаттын баары макулдугун берип, бирөө каршы болгон.
Замирбек Базарбеков мурда президент Садыр Жапаровдун адвокаты болгон. 2020-жылдын декабрь айында президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган. Жогорку соттун судьясы болуп да эмгектенип жаткан.
Ал эми Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова президент Садыр Жапаровдун атына кызматын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө арызын берген. Буга жаңы кабыл алынган Конституцияда Жогорку соттун төрагасын шайлоо тартиби толук өзгөртүлгөнү себеп болгон.
Конституциялык сотко жаңы төрага дайындалды