Минералдык жер семирткичтердин жылдык керектөөсү 276 000 тоннага жетсе, учурда кампаларда анын 12 630 тоннасы бар. Бул жазгы талаа иштерине коротулуучу жер семирткичтердин 25-27 пайызын түзөт. Мындай маалыматты Жалилбек Тойматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, минералдык жер семирткичтердин сапаты эки лабораториядан текшерилет.
"Өлкөгө жалпы керектелүүчү жер семирткичтердин 10-15 пайызы Россиядан, беш пайызы Казакстандан, калганы Өзбекстандан алып келинет. Сапаты боюнча Россияныкы жогору турат. ЕАЭБге мүчө болгонубуздун пайдасы — Россиядан чектөөсүз ала алабыз. Тактап айтканда, дыйкандар канча тонна талап кылса, ошончо жер семирткич алып келүү мүмкүнчүлүгү бар. Негизинен жер семирткичтерге талап февраль айынан тарта апрелге чейин болот. Азыркы учурда бул аралыктын керектөөсүнүн 25-27 пайызы кампаларда бар. Башкача айтканда, 12 630 тонна сакталып турат. Өзбекстанда минералдык жер семирткич чыгарган эки завод убактылуу оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылгандыктан, бул мамлекеттен ташып келүү учурда солгун жүрүүдө. Бирок келишимдерге ылайык жакында көп көлөмдө алып келе баштайбыз. Ал эми сапаты республиканын эки аймагында, Чүй облусунда жана Ош шаарында жайгашкан лабораториялардан текшерүүдөн өтүп турат", — деди Тойматов.
Ал дыйкандарга жер семирткич сатып алып жатканда сапатын тастыктаган сертификатты көрсөтүүнү талап кылууну эскертти.