Активист Жеңиш Молдокматов үй камагына чыкты

Жеңиш Молдокматов массалык башаламандык уюштурууга шектелип 2020-жылдын май айында камакка алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Бишкек шаардык соту жарандык активист Жеңиш Молдокматовду үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга шаардык соттун маалымат катчысы Айсулуу Жаасынова билдирди.
Молдокматов сот залынан чыккандан кийин журналисттерге кыскача маалымат берип, колдогондордун баарына ыраазычылык билдирген.
Эскерте кетсек, Молдокматов 2020-жылдын май айында камакка алынган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2020-жылдагы октябрь окуялары учурунда массалык башаламандык уюштурган деп шектелген болчу.
Экс-депутат Бактыбек Калмаматов абактан бошотулду