Парламент Замирбек Базарбеков менен Эмил Өскөнбаевдин талапкерлигин колдоду

Эки талапкерди тең депутаттардын баары колдоп, бирөө гана каршы добуш берди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку соттун төрагалыгына Замирбек Базарбековдун, Конституциялык соттун жетекчилигине Эмил Өскөнбаевдин талапкерлигин колдоп беришти.
Базарбековду аталган кызматка дайындоого жыйынга катышкан 84 депутаттын баары макулдугун берип, бирөө каршы болду. Ал эми Өскөнбаевге 82 эл өкүлү "макул", бирөө "каршы" добушун берди.
Замирбек Базарбеков мурда президент Садыр Жапаровдун адвокаты болгон. 2020-жылдын декабрь айында президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган. Жогорку соттун судьясы болуп да эмгектенип жаткан.
Эмил Өскөнбаев буга чейин Конституциялык соттун төрагасынын орун басары катары иштеп келген.
Саясий курал болбойбуз. Жогорку сотко төрага болчу Базарбековдун планы
160 миң сомдук айлык. Жогорку сот маянанын көтөрүлүшү боюнча түшүндүрдү