Тажикстандын ТИМи студенттерин Кыргызстанга барбай турууга чакырды

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанда жүргөн жарандарына карата анча жакшы эмес мамиле жасалып жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанда окуп жана иштеген студенттери менен мугалимдеринен КРге барбай турууну өтүндү. Мындай билдирүү коңшу өлкөнүн тышкы саясат мекемесинин сайтына жарыяланды.
Тажикстандын ТИМи Кыргызстандын министрлер кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы "тажик жарандары КР аймагына билим берүү уюмдарына окуу жана иштөө үчүн келе алат" деген буйругуна карабастан тажик тарап Кыргызстандын аймагында Тажикстандын жарандарына анча жакшы эмес мамиле кылган фактыларды каттап жатканын белгилеген.
Кыргызстандын ЖОЖдору тажик студенттеринин документтерин кайтарып берүү процессин атайын кечеңдетип, алардын Тажикстандын окуу жайларына которулуу үчүн керектүү документтерин берүү өтүнүчүнө тоскоолдуктарды жаратып жатканы да айтылган.
"Кыргызстандын компетенттүү бөлүмдөрү тарабынан мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пунктуларында тажикстандык студенттерди кармоо фактылары катталып жатат", — деп билдирди Тажикстандын ТИМи.
Коңшу өлкөнүн ТИМи 2021-жылдын 21-майынан тарта тажик жарандарынын Кыргызстанга кирүүсүнө же Кыргызстандын аймагы аркылуу башка өлкөлөргө өтүшүнө тыюу салынганын эскертти.
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен ТИМ тажик тараптын билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Ташиев Ворухка бара турчу жолдун курулушу боюнча түшүндүрмө берди