Кышкы Олимпиадага даярдык кандай жүрүп жатат. Пекинде тартылган 12 сүрөт

Кышкы Олимпиада оюндарынын башталышына эки күн калды. Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн дүйнөнүн спорттук борбору Пекинде даярдык кандай жүрүп жатканын көрүңүздөр.
Sputnik
XXIV Кышкы Олимпиада оюндары 4-февралдан 20-февралга чейин өтөт. Пекин бул Олимпиаданы өткөрүү укугун 2015-жылдын 31-июлунда алган.
1 / 12

XXIV Кышкы Олимпиада оюндары 4-20-февраль аралыгында Пекинде өтөт. Сүрөттө Олимпиадалык парктагы Олимпиадалык мунара.

2 / 12

Бин Дунь Дунь деген ат берилген панданын сүрөтү. Бул жаныбар Олимпиаданын тумары болуп эсептелет. Заманбап кытай тилинде "бин" сөзүнүн бир нече мааниси бар. Биринчи кезекте ал музду, анан тазалык менен күчтү түшүндүрөт. "Дунь Дунь" деген дени сак, бекем жана шайыр деген маанини билдирет. Бул сөз балдар жөнүндө кеп болгондо дагы колдонулат.

3 / 12

Кызмат көрсөткөн персонал эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен иш алып барууда. Сүрөттөгү кызматкер COVID-19 менен ооруган адам эвакуациялангандан кийин отелдин ичин тийиштүү каражаттар менен тазалап жатат.

4 / 12

Башкы маалымат борборундагы уктоочу жай. Мында журналисттер эс алса болот.

5 / 12

Олимпиада оюндарынын пресс-борборунун аймагындагы робот

6 / 12

COVID-19га каршы эпидемиологиялык чараларга өзгөчө көңүл бурулууда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытайдын даярдыгын эске алуу менен оюндарды коопсуз деп тааныды. Сүрөттө медицина кызматкерлери COVID-19 илдети табылган журналистти Пекиндеги карантиндик отелге алып бара жатышат.

7 / 12

Пекин кышкы жана жайкы Олимпиада оюндарын өткөргөн тарыхтагы биринчи шаар болмокчу. Мелдештерди өткөрүүгө жаңы объектилер менен кошо мурда курулгандары дагы колдонулат. Эске салсак, 2008-жылы бул шаарда Жайкы Олимпиада өткөн. Сүрөттө расмий Олимпиада продукциясынын дүкөнү.

8 / 12

Сүрөттө Кышкы Олимпиада оюндарынын башкы пресс-борбору көрсөтүлгөн

9 / 12

Олимпиада кыштагы 27-январдан тарта ачылып, дүйнөнүн чар тарабынан келген атлеттерди кабыл алууда. Сүрөттө Кытай Жаңы жылына кооздолгон Пекиндеги Жер храмы.

10 / 12

Пекиндеги оюндарда 109 комплект медаль ойнотулат. Сүрөттө Кышкы Олимпиада оюндарынын пресс-борбору.

11 / 12

Оюндар учурунда пресс-борбордо роботтоштурулган система тамак жасайт жана ташыйт

12 / 12

Кытайдын борбору Олимпиада өткөрө турган шаар болот деген чечим 2015-жылы Куала-Лумпурда Эл аралык олимпиада комитетинин сессиясында кабыл алынган.