БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. "Омикронду" жуктуруп алган бейтаптар коронавирустун башка штаммдарына кабылгандардан алда канча айырмаланып турат. Бул тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде "РЖД-Медицина" коронавирусту дарылоо борборунун жетекчиси, кардиолог Заур Шугушев айтып берди.
Дарыгердин пикиринде, "омикрондо" коронавирустун классикалык симптомдору дээрлик кездешпей калды.
"Мурдагыдай болуп жытты, даамды сезбей калган бейтаптар аз. Көпчүлүгү кадимки грипп сыяктуу ооруп жатат. Мисалы, сөөк какшап, тамак ооруп дегендей. Мындан улам айрымдар кадимки сезондук сасык тумоого кабылдык деп ойлошу мүмкүн", — деди Шугушев.
Ошондой эле адис учурда ооруканага түшүп калгандар аз болгону менен стационарда жаткандардын 75 пайызынын абалы оор экенин билдирди.
Андыктан дарыгер "омикронду" жеңил ойлобой, ден соолукка олуттуу мамиле кылууга чакырып, вирусту алдын алуунун негизги жолу эмдөө экенин эске салган.