Ишке алынчу мугалимдин психикалык абалы текшерилеби? Адистин жообу

Кыргызстандын мектептеринде мугалим менен окуучунун ортосунда болгон эки чыр коомдо резонанс жаратты. Окутуучулар иштен алынды. Айрым ата-энелер балдарга кысым көрсөтүлбөсүн десе, кээ бири мугалимдерди коргоодо.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Мектепке жумушка кирүүдө ар бир мугалим өзүнүн психикалык абалы тууралуу маалым кат көрсөтүшү керек. Бул тууралуу КРдеги билим берүү жана илим жаатында иштегендердин кесиптер бирлигинин борбордук комитетинин аппаратынын жетекчиси Ирина Афанасьева билдирген.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Мектептеги чыр-чатак. Мугалим менен баланы кантип коргоо керек?" аттуу тегерек столго катышкан.
Журналисттер эксперттерге "жумушка аларда мугалимдин психикалык абалы текшерилеби?" деген суроо узатышкан.
"Сөзсүз. "Мугалимдин статусу" боюнча мыйзамга ылайык, жумушка кирер алдында ар бир мугалим психикалык абалы боюнча диспансерден маалым кат алып, көрсөтөт", — деген Афанасьева.
Буга чейин Лебединовкадагы мектепте жана Кара-Суу районундагы билим берүү мекемесинде мугалим менен окуучунун ортосунда чыр чыгып, экөө тең коомдо чоң резонанс жараткан. Мугалимдер иштен кеткен. Айрым ата-энелер балдарга кысым көрсөтүлбөсүн десе, кээ бири мугалимдердин укугун коргоп, алардын кадыр-баркын көтөрүү керектигин айтууда.
Бала тарбиялоого эненин мойнундагы 28 жүктүн таасири тиет. Психологдун маеги