Бишкектеги мектептердин тосмосу кайра алынбай калды

Буга чейин шаар бийлиги Санитардык нормадан мектеп айланасын тосуу боюнча норманы алып салууну демилгелеген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардагы мектептердин айланасындагы тосмолорду алмак, бирок бул демилгени кайра артка кайтарганын муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Жакында эле калаа мэри Айбек Жунушалиев шаардык билим берүү системасын функционалдаштыруу маселеси боюнча жыйын өткөргөн.
Маалым болгондой, буга чейин шаар бийлиги санитардык нормадан мектеп айланасын тосуу боюнча норманы алып салууну демилгелеген. Бирок окуучулардын коопсуздугун эске алып, мэрия бул демилгени кайра артка кайтарды.
Эске салсак, муниципалитет шаардагы тосмолорду алууда. Маселен, Политехникалык, Бишкек гуманитардык университеттеринин жана Мамлекеттик салык кызматынын тосмолору алынган. Мындай иштер шаардын эстетикалык көрүнүшү боюнча стратегиялык бирдиктүү саясатты ишке ашыруу максатында жасалууда.
Үйдүн жанын мыйзамсыз тосуп албагыла! Мэрия бишкектиктерге кайрылды