"Манас" аэропорту штаттык режимде иштей баштады

Бүгүн эртең менен "Манас" аэропортунун аймагында түндө түшкөн туман ошол бойдон кармалып тургандыктан бир нече каттам кечигип жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы билдирди.

"Туман тараган соң аэропортто кармалып жаткан бардык учактар келип конуп, бул жактагылар дагы учуп кетип жатышат", — деп айтты сурап-билүү кызматынан.

Эске салсак, бүгүн эртең менен коюу тумандан алым "Манас" аэропортунда уччу жана кончу бир нече каттам кармалып жаткан. Кеп Шарджа (БАЭ), Москва жана Стамбул шаарларына каттаган учактар тууралуу болуп жатат.
Февралда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин маалыматы