Өткөн суткада 201 кишиден коронавирус аныкталып, беш бейтап көз жумду

Өлүм учуру Бишкек, Ысык-Көл жана Талас облусунда катталган. Азыркы учурда дарыланып жаткандардын ичинен 64 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкөдө 201 адамдан коронавирус табылып, 632 бейтап дартты жеңди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
Жуктургандар:
Бишкек шаары – 104;
Ош шаары – 10;
Чүй облусу – 36;
Ош облусу – 2;
Талас облусу – 3;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 22;
Жалал-Абад облусу – 10;
Баткен облусу – 12.
Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 198 719га жетти. Анын ичинен 188 775 киши сакайып чыккан. Азыркы учурда 996 бейтап стационарда, ал эми 4 530 адам амбулатордук шартта дарыланууда. Ооруканадагылардын ичинен 64 адамдын абалы өтө оор деп бааланды.
Кечээтен бери Талас, Бишкек жана Ысык-Көлдө беш бейтап коронавирустун курмандыгы болгон. Муну менен жалпысынан оору 2 889 кишинин өмүрүн алды.
"Омикрон" менен ооруп айыккандардын каны коюуланып кетиши мүмкүн
Өкмөт COVID-19дун кесепетинен кийинки илдетти дарылаган аппарат алды. Сүрөт