Эмгек жолун 1986-жылы Нарын облусундагы Тянь-Шань райондук сотунда стажёр болуп баштаган.
1987-1993-жылдар аралыгында Кочкор районунун прокурорунун жардамчысы болуп иштеген. Кийин Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын прокурору, Бишкектин Биринчи май райондук прокурорунун орун басары, башкы прокурордун өзгөчө тапшырмалар боюнча улук жардамчысы болуп эмгектенген;
1993-1995 — Конституциялык соттун аппаратынын жетекчиси, укуктук экспертиза бөлүмүнүн жетекчиси;
1999-2011 — "Паритет" адвокаттык компаниясынын жетекчиси;
2011-жылдын август айында Жогорку Кеңеш тарабынан Конституциялык палатанын судьясы болуп шайланган;
2019-жылдын 1-июлунан тарта Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасынын орун басары кызматын ээлеген;
2022-жылдын 2-февралында ЖК депутаттары Конституциялык соттун төрагалык кызматына талапкерлигин сунушташты.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.