Конституциялык сотко жаңы төрага дайындалды

Эмил Өскөнбаев буга чейин Конституциялык соттун төрагасынын орун басары катары иштеп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Эмил Өскөнбаев Конституциялык соттун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, Өскөнбаев беш жылдык мөөнөткө бекитилди.
Белгилей кетсек, бүгүн, 2-февралда, Эмил Өскөнбаевдин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ЖКнын регламенти боюнча комитетинде каралып, жактырылган. Кийин парламент дагы колдогон.