Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы

Депутаттар Ташиевди чакырып, №39 протокол боюнча маалымат укмай болушту

Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери бүгүн саат 14:00дө парламентке келери күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары 27-январда катталган кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу маалымат алуу үчүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди жана Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеевди чакырды.
Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери бүгүн саат 14:00дө парламентке келери күтүлүүдө.
Депутат Нурлан Шакиев дүйшөмбү күнү Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жыйынында Ташиев келип бир топ маалыматтарды бергенин айтты.
"Азыр коомчулукта №39 протокол боюнча ар кандай пикирлер болуп жатат. Камчыбек Кыдыршаевич эгер зарылдык болсо пленардык жыйынга дагы келип, жабык эшик артында айтып берүүгө даярмын деген болчу. Коомчулукта ар түрдүү ойлор болбошу үчүн ошол маселе боюнча кеңири маалымат уксак", — деди Шакиев.
Мындан башка дагы эл өкүлдөрү соңку кырдаал тууралуу маалымат алууга кызыкты.

Чек арадагы жаңжалдын чоо-жайы

Кыргыз тараптын билдирүүсүнө ылайык, 27-январь күнү саат 17:50 чамасында Баткен — Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесине тажик жарандары таш төгүп тосуп алган. Алар Тажикстандын чек арачыларынын коштоосунда жүрүшкөн. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол ачылган. Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй миномёт жана гранатомёттор менен аткылаган.
Ал эми коңшу өлкө башаламандык Сомониён айылынан Чоркухка бараткан тажикстандыктар ташка алынганынан улам чыкканын айтып жатат. Алардын айтымында, кыргызстандыктар тажикстандык жарандын Porter автоунаасын токтотушкан. Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, жаңжалда эки киши каза таап, 10 адам ар кандай жаракат алган.
Таңга маал эки тараптын чек арадагы атышууну жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүсү аяктап, бир нече пунктудан турган макулдашуу кабыл алынды. Анын ичинде ок атууну токтотуу да каралган.
Учурда чек арадагы абал туруктуу деп бааланууда.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Снаряд түшүп талкаланган үйлөр. Кагылыштын очогу Көк-Таштагы абал видеодо
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Депутаттардын кээси Баткенге бир айлык маянасын которо турганын айтты