Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы

Депутаттардын кээси Баткенге бир айлык маянасын которо турганын айтты

Жыйында каражатты даректүү түрдө жөнөтүү керектиги айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Баткен облусун колдоо үчүн бир айлык маянасын которо турганын айтты.
Жыйындын жүрүшүндө беш эл өкүлүнөн турган "Ыйман нуру" фракциясы менен 13 депутаттан түзүлгөн элдик топ айлыгын бере турганын жарыялады.
Андан соң депутат Кундузбек Сулайманов депутаттардын баарын эле бир айлык маянасын которууга чакырды.
Ал эми Исхак Масалиев бул каражат менен маселе чечилбей турганын, андан көрө министрлер кабинетине тийиштүү тапшырмаларды берип, ири суммада каражат тартуу маселелерин чечип берүүнү сунуштады.
Эл өкүлү Жанар Акаев эгер эмгек акы которула турган болсо даректүү түрдө которуу керектигин айтты. Ал VI чакырылыштын депутаттары дагы жазында Баткенде чыр чыкканда айлыгын берип, бирок каражат беш ай бою колдонулбай турганын мисал келтирди.
Натыйжада ар бир депутат маянасын ыктыярдуу түрдө которо турган болду.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Снаряд түшүп талкаланган үйлөр. Кагылыштын очогу Көк-Таштагы абал видеодо