Олуттуу атаандаш туш келди. Бусурманкул Eagle FC уюмундагы наамын коргойт

Кыргызстандык спортчу Eagle FC уюмунун мурдагы чемпиону Расул Магомедов менен күч сынашмакчы. Ал жарым жеңил салмактагы күчтүү мушкерлердин катарында.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle Fighting Championship (EFC) уюмундагы жарым жеңил салмактагы (65 кг) чемпиондук наамын коргойт. Бул тууралуу спорттук лига кабарлады.
Аралаш мушташ боюнча турнир 18-февраль күнү Москвада өтөт.
Бусурманкул казакстандык спортчу Жасулан Акимжан менен беттешмек. Бирок ал жаракат алганына байланыштуу ордуна уюмдун мурдагы чемпиону Расул Магомедов менен күч сынашмакчы. Ал ММА боюнча 10 беттешти утуп, үч ирет жеңилген. Жарым жеңил салмактагы күчтүү мушкерлердин катарында.
Эске салсак, былтыр Бусурманкул Абдибаит уулу UFC уюмунун экс-мушкери Хабиб Нурмагомедовдун Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын турниринде россиялык Руслан Яманбаевди техникалык нокаут менен утуп, чемпиондук курун тагынган. Мелдеш Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында болгон.
Кыргызстандык спортчулар ММА боюнча дүйнө чемпионатында эки коло утту. Сүрөт