Радио

Ырсалиев: кыргызстандык бокс калыстарынын эл аралык аренада деңгээли жогору

Бокс боюнча СССРдин спорт чебери, Эл аралык бокс ассоциациясынын экстра-класстагы рефериси Мукаш Ырсалиев калыстар мамлекет тарабынан айлык албай иштээрин айтты.
Sputnik
Кыргызстандык бокс калыстарынын эл аралык аренадагы деңгээли жогору бааланат. Бул тууралуу Мукаш Ырсалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, финансылык колдоо жакшы болсо боксчулар мыкты ийгиликтерди көрсөтүп, күчтүү мектеп түптөлмөк.
"Кыргызстанда 1927-жылы биринчи жолу төрт салмактык категория боюнча мелдеш өткөн. Бокстун өнүгүшүнө ошол учурдан бүгүнкү күнгө чейин бир топ адам салым кошту. Абдан күчтүү мектеп түптөлүп, мыкты боксчулар, машыктыруучулар тарбияланып чыкты. Быйыл кыргыз боксуна 95 жыл болот. Бирок учурдагы абалыбыз анча жакшы эмес. Мисалы, кыргызстандык бокс калыстарынын эл аралык аренадагы орду абдан жогору бааланат. Биз спортту, мекенди сүйгөнүбүз үчүн кетпей жүрөбүз. Калыстар мамлекет тарабынан айлык албай иштешет. Коңшу Өзбекстан, Казакстандагы абал менен бизди салыштырсак, абалыбыз өтө оор", — деди Ырсалиев.
Ошондой эле адис дүйнөдө кыздар арасында бокс өнүгүп, чемпионаттардын деңгээли өсүп жаткандыгын кошумчалады.