Бишкек — Жидда чартердик каттамы ачылат

Бул каттам жумасына бир жолу (жекшемби күндөрү) аткарылып турары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. 6-февралда Бишкек — Жидда чартердик каттамы ачылат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, каттам 2014-жылы Кыргызстан менен Сауд Аравиянын өкмөттөрү түзгөн келишимдин негизинде аткарылмакчы. Аны ата мекендик Air Manas авиакомпаниясы ишке ашыра турганы айтылды.
"Бул каттам жумасына бир жолу (жекшемби күндөрү) аткарылып, кийинчерээк төрткө чейин көбөйүшү ыктымал", — деп айтылат маалыматта.
Ош жана Жидда шаарларынын аэропортторундагы каттоо системасы интеграцияланган соң Air Manas Ош — Жидда каттамын ишке ашырууну пландап жатканы кошумчаланды.
20-декабрдан тарта Екатеринбургдан Тамчыга жумасына бир жолу учак каттайт