Бейшембиге карата аба ырайы

3-февралга караган түнү Чүй өрөөнүнүн тоолорунда, Ош облусунун кээ бир жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Бейшемби күнү эртең менен жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта -2...+3, Ысык-Көлдө 0...+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +2...+7, Нарын аймагында -2...-7 градус болот.
Бишкек жана Ошто эртең менен жана күндүз жамгыр, кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада 0... +2 жана Ошто +5...+7 градус болору айтылды.
Февралда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин маалыматы