Радио

Ниязов: былтыр Кыргызстан 5 миң тоннадай кубулжума форель экспорттоду

Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов 2021-жылы өлкөдө 10 миң тоннадан ашык балык өндүрүлгөнүн маалымдады.
Sputnik
Өткөн жылы Кыргызстан беш миң тоннадан ашык кубулжума форель экспорттогон. Бул тууралуу Эдил Ниязов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө балыктын 6-7 түрү өндүрүлөт.
"2020-жылы өлкөдө 5 139 тонна балык өндүрүлгөн. Ал эми өткөн жылы бул көрсөткүч 10 349 тоннага жеткен. Анын ичинен 5 183 кубулжума балык экспортко чыгарылды. Ушул жылдын башында социалдык тармактарда балыктардын оорусу тууралуу маалыматтар тарады. Балыктардын деле илдеттери бар. Бирок адамга жугуп оорута турган ылаңы жок. Болгону бул азыкты чийки жебеш керек. Өлкөдө балык чарбалары жыл сайын өсүп жатат. Ошол эле учурда балык чарба боюнча адистерди даярдоо акыркы беш жылдан бери колго алына баштады. Ошондуктан тийиштүү адистердин тартыштыгы күч. Ишкерлер чарбаны уюштурууда, анын технологиясын колдонууда кемчиликтерди кетирген учурлар кездешет. Мындай жагдайларда айрым чарбаларда балыктар ооруп калган учурлар бар. Чынында өлкөнүн балык өндүрүү потенциалы жогору. Минималдуу эсептерге ылайык, жылына 100-120 миң тонна кубулжума форель өстүрүүгө мүмкүндүк бар. Мындан тышкары, краб, сазан жана башка түрлөрүн өндүрүүгө шарт жетиштүү. Потенциалды толук колдоно турган болсок, Кыргызстан өзүн-өзү балык менен камсыздап, экспортко дагы чыгара алат", — деди Ниязов.
Ошондой эле ал айрым балыктарды сырттан ташып келүүгө муктаждык жоюлбай турганын кошумчалады.