Акылбек Жапаров Чүйдөгү Талды-Булак алтын кенине барды. Сүрөт

Учурда бул кенди кытайлык "Алтын кен" компаниясы иштетип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Кемин районундагы Талды-Булак Сол жээк кенине барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы тоо-кен комбинатынын башкаруу борбору (башкаруу кабинети), ошондой эле руданы казып алуу технологиясы менен таанышкан.
1 / 6

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Кемин районундагы Талды-Булак Сол жээк кенине барды

2 / 6

Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы тоо-кен комбинатынын башкаруу борбору (башкаруу кабинети), ошондой эле руданы казып алуу технологиясы менен таанышкан

3 / 6

Андан соң алтын чыгаруучу фабрикага барып, өндүрүштүк таштанды топтолгон калдык сактоочу жайдын абалын көрүп чыккан

4 / 6

Жапаров экологиялык жана өнөр жай коопсуздугунун так сакталышы, ошондой эле ишканадагы эмгектин корголушу зарыл экендигин белгиледи

5 / 6

Жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы кен иштетүү компаниясынын жамааты жана жетекчилиги менен жумушчу кеңешме өткөрүп, "Алтын кен" ишканасынын өнүгүү келечеги жана көйгөйлөрү талкууланды

6 / 6

Акылбек Жапаров сыноо үчүн жиберилген беларус автобусун көрдү

Андан соң алтын чыгаруучу фабрикага барып, өндүрүштүк таштанды топтолгон калдык сактоочу жайдын абалын көрүп чыккан. Жапаров экологиялык жана өнөр жай коопсуздугунун так сакталышы, ошондой эле ишканадагы эмгектин корголушу зарыл экендигин белгиледи.
Жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы кен иштетүү компаниясынын жамааты жана жетекчилиги менен жумушчу кеңешме өткөрүп, "Алтын кен" ишканасынын өнүгүү келечеги жана көйгөйлөрү талкууланды.
"Чүй облусунун бийлик органдарына "Алтын кенге" кызматкерлерди ишке алууда ортомчу уюмдардан кызмат көрсөтүүнүн наркы жогору баалангандыгы боюнча даттануулар түшкөн. Кызматка алуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнүн катышуусунда таза жана ачык-айкын жүргүзүлүшү шарт", — деди Жапаров.
Кыргыз бийлигинин маалыматына ылайык, Талды-Булак Сол жээк кенин иштетүү лицензиясына кытайлык "Алтын кен" компаниясы ээлик кылат. Ишкананын 60 пайыздык үлүшү кытай тарапка, 40 пайызы "Кыргыз алтынга" тийиштүү.
Бул кендеги алтындын болжолдуу запасы 78 тоннаны түзөт. Мында алтын менен катар күмүш, жез алынат. Жумуш орундарынын саны 987 адамга ылайыкталган, анын 917синде Кыргызстандын жарандары ээлейт.
Акылбек Жапаров сыноо үчүн жиберилген беларус автобусун көрдү