Өкмөт COVID-19дун кесепетинен кийинки илдетти дарылаган аппарат алды. Сүрөт

Сатып алынган жабдуу операция учурунда ткандардын травмага чалдыгуу тобокелдигин азайтат жана кабылдап кетүүнүн алдын алат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Улуттук госпиталь коронавирустан кийинки нейрохирургиялык ооруларды дарылоо үчүн медициналык жаңы жабдуу алды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев коронавирустан айыгып чыккан бейтаптарда неврологиялык көп илдеттер кездешип жаткандыгын, жогорудагы эндоскопиялык жабдуу ыкчам дарылоо үчүн зарыл экенин айткан.
1 / 2

Улуттук госпиталь коронавирустан кийинки нейрохирургиялык ооруларды дарылоо үчүн медициналык жаңы жабдуу алды

2 / 2

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев коронавирустан айыгып чыккан бейтаптарда неврологиялык көп илдеттер кездешип жаткандыгын, жогорудагы эндоскопиялык жабдуу ыкчам дарылоо үчүн зарыл экенин айткан

Нейрохирургиялык аппарат көлөмү чоң гематомаларды, кисталарды, шишиктерди, баштын тамырларындагы ар кыл көйгөйлөрдү жок кылууда колдонуларын маалымдашты.
"Жабдуунун артыкчылыгы аталган эндоскопияны операцияда колдонгондо бейтаптын баш сөөгүн ачпай эле дарылоого болот. Ал үчүн тешикче оюу жетиштүү же мурун аркылуу жасаса болот", — деп айтылат маалыматта.
Сатып алынган жабдуу операция учурунда ткандардын травмага чалдыгуу тобокелдигин азайтат жана кабылдап кетүүнүн алдын алат. Муну менен катар эле бейтапты дарылоо сапатын жакшыртары айтылды.
Эндоскопиялык бул жабдуу Дүйнөлүк банктын каражатына алынган.
Адис: COVID-19 гипертония илдетин пайда кылып, кан тамырларды иштен чыгарууда