БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Кечээ дүйнөлүк спорттун тарыхында алгачкы жолу жаздык менен чабышуу боюнча дүйнө чемпионаты өттү. Бул тууралуу иш-чараны уюштурган Pillow Fighting Championship (PFC) уюму өзүнүн социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу кабарлады.
Ага UFC уюмунун мурдагы спортчулары, тагыраагы, Конор Макгрегордун качандыр бир кездеги атаандашы, америкалык Маркус Бримэдж, бразилиялык мушкерлер Маркус Перес жана Истела Нуньес катышты. Жалпысынан беттеште 16 эркек, сегиз аял күч сынашты.
The Mirror басылмасынын жазганына караганда, эркектер арасында жеңүүчү деп MMA мушкери, АКШлык Холли Тиллман табылса, аялдар арасында бразилиялык Истела Нуньес жеңип чыкты. Жеңүүчүлөргө 5 миң доллардан сыйлык берилди.
"Мелдеш кадимкидей рингде өтөт. Жеңүүчүнү калыстар тобу аныктайт. Кадимки мушташтан айырмасы, адам катуу жаракат алып, канжалабайт. Бирок бул айрымдар элестетип жаткандай күлкүлүү эмес. Жаздыктар өтө катуу, кесипкөй спортчулар күч сынашат", — деди PFC жетекчиси Стив Уильямс.
Спорттун бул түрү алгачкы ирет профессионалдык деңгээлге чыгып, чемпионат АКШнын Флорида штатында болуп өттү.