БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Шаршембиде Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Республиканын калган аймактарында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө жана Талас жергесинде +2...+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көл чөлкөмүндө +1...+6, ал эми Нарын аймагында -2...-7 градус суук болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +5...+7 жана Ош калаасында +7...+9 градуска жетет.