Радио

Надырбеков: Салык кодексинде тигүүчүлөргө жеңилдиктер каралган

Мамлекеттик салык кызматынын салык төлөөчүлөр менен иштөө башкармалыгынын түшүндүрүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Надырбеков ишке кирген Салык кодексинде кимдерге жеңилдиктер каралганын айтып берди.
Sputnik
Электромобиль импорттоп же аны өндүргөн ишкерлер кошумча нарк салыгынан бошотулат. Бул тууралуу Рысбек Надырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Салык кодексинде жалпы жана атайын салык режими киргизилген.
"Салык мыйзамдарын заманбап экономикалык шарттарга ыңгайлаштыруу, аталган тармакты санариптештирүү, ишкерлерди колдоо максатында Салык кодекси иштелип чыгып, кабыл алынды. Анда жергиликтүү ишкерлерди колдоо максатында бирдиктүү салык киргизилип, ал негизинен тигүү тармагына тиешелүү. Буларга 30 миллион сомго чейинки чек коюлган эмес. Ошондой эле ставкасы беш жылга 0,25 пайыз каралды. Мындан тышкары, электромобилдерди импорттоп же өндүргөн ишкерлер, учактарды ижарага алып иштеткендер кошумча нарк салыгынан бошотулду. Кайра иштетүүчү ишканаларга жана зер буюмдар менен иштегендерге кошумча нарк салыгынан 80 пайыз жеңилдик берилет", — деди Надырбеков.
Ошондой эле ал Салык кодексинде карама-каршылыктар болсо ал ишкерлердин пайдасына чечиле турганын кошумчалады.