БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура Kaktus.media сайтындагы жарыяланган маалымат боюнча кылмыш ишин козгоп, ага укуктук баа берүү боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматынан кабарлады.
Иш Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренесинин ("Согушту пропагандалоо, башкача айтканда, бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу") негизинде козголгон. Биринчи май райондук прокуратурасы тергөөдө.
Эске салсак, 27-январда Kaktus.media сайтына ASIA-Plus тажик басылмасынан Кыргызстан менен чек арадагы кырдаал боюнча алынган маалымат жарыяланган. Тагыраагы, анда Кыргызстан биринчи болуп ок чыгарып, Тажикстанды көкүттү деген маанайда жазылган.
Буга нааразы болгон бир катар жарандар 28-январда Kaktus.media редакциясынын жабылышын талап кылып Бишкек шаарында митингге чыккан. Кырдаал боюнча аталган ресурс өзүнүн түшүндүрмөсүн берип, окурмандардан кечирим сураган билдирүү тараткан.
"Бул публикациянын жалгыз максаты — тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, Тажикстандын бийлиги катардагы жарандарына кандай маалымат таратканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болчу. Учурда маалыматтык согуш жүрүп жатканы анык. Ага каршылык көрсөтүү үчүн экинчи тарап кандай иш-аракеттерди жасап жаткандыгын так билүүбүз керек. Жарыяланган материалда маалымат булагына шилтеме берилген. Башка басылмадан алынган маалымат боюнча оюбузду так жеткире албагандыгыбыз — биздин катачылык. Ошого байланыштуу бардык кыргызстандыктардан кечирим сурайбыз", — деген редакция.
Кылмыш-жаза кодексинде мындай берене үчүн беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу же болбосо 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салуу жазасы каралган.