Асылбек Насирдинов Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрин жетектейт

Буга чейин оркестрди 2005-жылдан бери эл артисти Сагынбек Акматалиев башкарып келген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. КРдин эмгек сиңирген артисти Асылбек Насирдинов Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру болуп дайындалды. Бул тууралуу филармониянын адабий бөлүмүнүн башчысы Улан Зайнидин уулу билдирди.
Анын айтымында, оркестрдеги чыгармачыл ишин жөндөө жана жетектөө жоопкерчилиги Насирдиновго жүктөлгөн. Буга чейин оркестрди 2005-жылдан бери эл артисти Сагынбек Акматалиев жетектеп келген.
Асылбек Насирдинов Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын Салттуу музыка жана фольклор факультетин аяктап, 2008-жылы аталган жогорку окуу жайдын аспирантурасын бүтүргөн.
2004-жылдан 2013-жылга чейин Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык театрынын "Саамал" фольклордук ансамблин, кийин консерваториянын эл аспаптар оркестрин жетектеген. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти.
Жумакматовдун ордуна оркестр башкарган Байжиев. Залкарлардын таберик сүрөтү