Бир жылда банктарда депозиттердин көлөмү 62 миллион сомго өстү

Көрсөтүлгөн суммага юридикалык жактардын, жеке жактардын, ошондой эле резидент эместердин да каражаттары кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Өткөн жылдан бери Кыргызстандын банктарындагы салымдардын көлөмү 62 миллиард сомго өстү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.
Аталган каражаттын баары депозит катары көрсөтүлгөн, бирок учурдагы банктык эсептердеги акчалар да эске алынат. Көрсөтүлгөн суммага юридикалык жактардын, жеке жактардын, ошондой эле резидент эместердин да каражаттары кирет.
2020-жылдын акырына карата банктык эсептердеги каражаттын көлөмү 180,9 миллиард сомдон ашкан. Андан кийин бир аз төмөндөө болуп, март айынан бери ай сайын жаңы рекорддор коюлган. Ноябрь айынын акырына карата депозиттердин көлөмү 226 миллиард 964,4 миллион сомго жетип, 8,7 миллиардга өстү.
Тарыхтагы эң ири интервенция. Улуттук банк 86,5 млн. доллар сатты