Коронавирустан төрт бейтап каза болуп, 61 адамдын абалы өтө оор. Статистика

Азыркы тапта 1 063 бейтап стационарда, ал эми 4 903 адам амбулатордук шартта дарыланып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 202 кишиден коронавирус табылып, 547 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
Жуктургандар:
Бишкек шаары – 69;
Ош шаары – 2;
Чүй облусу – 69;
Ош облусу – 7;
Талас облусу – 5;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 22;
Жалал-Абад облусу – 9;
Баткен облусу – 14.
Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 198 518ге жетип, анын ичинен 188 143 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, оору кечээтен бери төрт адамдын өмүрүн алган. Өлүм учурлары Бишкек шаары менен Чүйдө катталганы, көз жумгандар вакцина албаганы айтылды.
Азыркы тапта 1 063 бейтап стационарда, ал эми 4 903 адам амбулатордук шартта дарыланып жатат. Алардын ичинен 403 бейтап оор абалда болсо, 61 кишинин абалы өтө оор деп бааланды.
"Омикрон" менен ооруп айыккандардын каны коюуланып кетиши мүмкүн