Конституциялык соттун төрагасы Карыбек Дүйшеев кызматтан кетүүгө арыз жазды

Дүйшеев бул кызматка 2019-жылдын 20-июнунда жети жылдык мөөнөткө дайындалган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Конституциялык соттун төрагасы Карыбек Дүйшеев кызматтан кетүүгө арыз жазды. Бул туурасында парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин жыйынында президенттин ЖКдагы өкүлү Алмасбек Абытов билдирди.
Анын айтымында, Дүйшеев өз ыктыяры менен кызматтан кетип жатат, президент Садыр Жапаров жана Судьялар кеңеши анын арызын канааттандырууну парламентке сунуштаган.
Комитет мүчөлөрү Конституциялык соттун төрагасынын кызматтан кетишине макулдук берди.
Карыбек Дүйшеев бул кызматка 2019-жылдын 20-июнунда жети жылдык мөөнөткө дайындалган болчу.
Мындан сырткары, Абытов президенттин атынан Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакированын дагы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу тууралуу арызына макулдук берүүнү суранды.
Натыйжада эки сунуштама тең Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына кароого жөнөтүлдү.
Жогорку соттун төрайымы иштен кетүү боюнча арыз жазды. Себеби