Жылкы, койлор тирүүлөй өрттөнүп, койчу кошо көз жумган. Сестенткен видео

Казакстанда эки кабаттуу сарайдан өрт чыгып адам өмүрүн алып жана миң баштан ашуун малдын кырылганын өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкен.
Sputnik
Тилсиз жоо каптаган сарай эки кабаттуу болгонун, ээси алдында мал кармап, үстүнө чөп жыйганын айтышты.
Видеодон куйкаланып, капкара болуп калган койлорду, кээ бир жерлерден кулундардын башын көтөргөн тейде өрттөнүп, ошол бойдон калганын көрүүгө болот.
Өрт Түркстан облусундагы дыйкан чарбалардын биринде таңга маал чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр кабарды эртең мененки саат 7:00дөрдө алган. Аралык 40 чакырым болгондуктан автоунаа суу менен келгенче бир топ убакыт өтүп кеткен. ӨКМ өкүлдөрүнүн жалынды өчүрүүгө бир саатка чукул убактысы кеткен. Маалыматта тилсиз жоо койчуну, 1 150 баш койду жана пресстелген 150 тонна чөптү жалмап кеткендиги жазылган.
ӨКМ өрттүн эмнеден чыккандыгы тактала электигин айтты.